Президент Астанада өтө турган ШКУ жыйынына катышат

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Астана шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулашат. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясына кол коюлат” деди ал.

Казакстан тараптын төрагалыгы алдында өтө турган Кеңештин ишине ШКУга мүчө-мамлекеттердин — Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышат, Беларусь бул отурумда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет статусун алуу процедурасынын аякташын күтүүдө.

ШКУнун алкагында Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты