Президент агроөнөр жай кызматкерлерин куттуктады

  • 2 дня мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, өлкөнүн агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Быйыл аба ырайынын жана климаттын жагымдуу таасиринен улам, айыл чарба азыктарын 400 млрд сомдун тегерегинде өндүрүү, ал эми анын өсүү темпи 107 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Айыл чарба секторунун мал чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарында макроэкономикалык көрсөткүчтөр толугу менен жетишилди.

Мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 7 инвестициялык долбоор, ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлору, ирригация тармагын каржылоо, айыл чарба техникаларынын лизинги ийгиликтүү ишке ашырылып келатканын белгилей кетейин” деп айтылат куттуктоодо.  

“Урматтуу агроөнөр жай кызматкерлери! Өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу биринчи ирет сиздерден көз каранды. Экономикалык климатты жакшыртууда негизги стратегиялык маанидеги тармакты тейлеген жооптуу кызматкерлер катары өз милдетиңиздерди ийгиликтүү аткара аларыңыздарга бекем ишенем” деди мамлекет башчы.  

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты