Пианист жана режиссер Эмил Атагелдиев дүйнөдөн кайтты  

  • 3 недели мурун

Пианист жана кинорежиссер Эмил Атагелдиев көз жумганын анын жакын санаалаштары Фейсбук социалдык тармагына жазышты.

Буга чейин кесиптештери Эмил Атагелдиев онкологиялык дартка чалдыгып, чет өлкөдөн дарыланууга муктаж болгонун жана каражат чогултуу керектигин коомчулукка айтып чыгышкан.   

Эмил Атагелдиев 1976-жылы 22-декабрда Бишкек шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулган. 1994-1998-жылдары Орусиядагы Гнесиндер атындагы музыкалык академияда окуган. 1999-жылы Парижде Альфред Корто атындагы Жогорку музыкалык мектептин аспиранты болгон.   2001-2007-жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын атайын фортепиано кафедрасында сабак берип, Кыргыз эл артисти, ошондой эле доцент наамдарын алган.  

Эмил Атагелдиев музыкадан тышкары кинематография тармагына да салым кошкон режиссер, сценарист жана актер болгон. Анын «Көл», «Аркы жээкте», «КапуциноК бульварындагы адам» фильмдери белгилүү. 2007-жылы Кинематографияны өнүктүрүү фонду уюштурган режиссерлордун биринчи билим берүү курстарында окуган, 2010-жылы Москвада сценаристтердин жана режиссерлордун Жогорку курсун аяктаган. 2014-жылдан баштап Кыргызстандын кинематографисттер союзунун мүчөсү. Борбор Азиядагы Америка университетинде телевидение, кино жана медиаискусство факультетинде сабак берген.  

Сүрөттө: Эмил Атагелдиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты