Павел Дуров ӨКМ тик учагын миллион рублга ижарага алгандыгы айтылды

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Кыргызстанга келген учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын бир миллион рублга ижарага алгандыгын SHOT телеграм-каналы жазды.  

SHOT телеграм-каналынын маалыматы боюнча, Дуров 8 орундуу тик учакты саатына 3000 долларга алган. Ал Юлия Вавилова менен үч саат тик учакта учуп, миллион рублга жакын акча төлөгөн. Учуу конфиденциялдуу, бирок ӨКМ менен макулдашылган. Дуров өзүнүн аты ачыкталбаш керектигин өтүнгөн. Келгендер эки тик учакта учушкан, Дуров менен Вавилова 8 орундуу учакта, Гусейн Хасанов төрт орундуу учакта.      

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Франциянын Ле-Бурже аэропортунан кармалганын  TF1 жана BFMTV жеке булактарына шилтеме берүү менен билдирди.  

Павел Дуров 12 кылмышка тиешеси бар деп шектелип жатканын Париж прокуратурасы билдирди. Алардын арасында киберкылмыштуулук, акча адалдоо жана криптологиялык жабдууну алдын ала декларациядан өткөрбөй импорттоо кылмыштары бар.

Павел Дуров ӨКМ тик учагын миллион рублга ижарага алгандыгы айтылды

Павел Дуров ӨКМ тик учагын миллион рублга ижарага алгандыгы айтылды
Павел Дуров ӨКМ тик учагын миллион рублга ижарага алгандыгы айтылды

Сүрөттөр: SHOT телеграм-каналы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты