Павел Дуров Францияда камакка алынгандан кийин биринчи постун жарыялады

  • 1 неделя мурун

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Францияда камакка алынгандан кийин өзүнүн каналына биринчи постун жарыялады.

Колдоо көрсөткөндүгү үчүн катталуучуларына ыраазычылык билдирген Дуров француз полициясы аны төрт күн суракка алып, «Телеграмды башка адамдар мыйзамсыз колдонгону үчүн жооптуу» деп түшүндүрүшкөнүн жана ал түзгөн социалдык тармактын администрациясы бийликтин «суроолоруна жооп бербегенин» айтышканын жазды.

Дуров ага карата айтылган дооматтар күтүүсүз болгонун белгилеп, ал эми кырдаалдын өзүн “таң калыштуу” деп атады. Анткени Телеграмдын Европа Биримдигинде суроо-талаптарга жооп берген расмий өкүлү бар экенин, ал өзү терроризм коркунучуна каршы күрөшүү үчүн Францияда ишеним телефонун түзүүгө жеке жардам бергенин жана бул убакыттын ичинде «француз бийлигинин аны менен байланышууга көптөгөн жолу болгонун кошумчалады.

Дуров эгер кайсы бир өлкө сервиске нааразы болсо, анда калыптанып калган тажырыйбага ылайык, жалпы сервиске каршы доо арыз менен кайрылуу керек жана башкы директорду үчүнчү тарап жасаган кылмыштар үчүн айыптоо эмес деп эсептейт.

«Кээде биз айрым өлкөлөрдүн жөнгө салуу органы менен купуялуулук менен коопсуздуктун ортосундагы тең салмактуулук боюнча макулдаша албайбыз. Мындай учурларда биз ал өлкөдөн кетүүгө даярбыз. Муну биз көп жолу кылганбыз. Орусия каттарды окуй турган коддорду сурагандан биз баш тарттык жана Telegram Орусияда тыюу салынды. Иран бизден тынч демонстранттардын каналдарын жабууну талап кылганда биз баш тарттык жана Телеграмга Иранда тыюу салынды. Биз өзүбүздүн принциптерибизге туура келбеген базарлардан кетүүгө даярбыз, анткени биз муну акча үчүн жасаган жокпуз» деп белгиледи Дуров.

Ошол эле учурда ал Telegram аркылуу кылмышкерлер менен күрөшүү чараларын көрүүнү убада кылды.

Дуров Париждин четиндеги «Ле-Бурже» аэропортунда 24-августта Азербайжандан жеке учагы менен келгенде кармалган. Сот Павел Дуровду Франциядан чыкпоо тил каты менен 28-августтун кечинде камактан бошоткон.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты