Павел Дуров 12 кылмышка тиешеси бар деп шектелүүдө

  • 3 недели мурун

Париж прокуратурасы Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров 12 кылмышка тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирди. Алардын арасында киберкылмыштуулук, акча адалдоо жана криптологиялык жабдууларды алдан ала декларациядан өткөрбөй импорттоо кылмыштары бар.

Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Дуров аты-жөнү айтылбаган кишиге козголгон төмөнкү кылмыш иштеринин алкагында кармалган:

— Уюшкан топтордун мыйзамсыз келишимин ишке ашыруу үчүн онлайн-платформаларды башкарууга катышуу;

— Укук коргоо органдарынын сурамы боюнча тергөөгө керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тартуу;

— Жашы жете электер менен тартылган порнографиялык контентти сактоого катышуу;

— Мындай контентти таркатууга катышуу;

— Маңзат таратууга жана сактоого катышуу;

— Киберкылмыштарга катышуу;

— Уюшкан кылмыштуу топтун курамында алдамчылыкка катышуу;

— Оор кылмыш жасоо максатында кылмыштуу бүтүмгө баруу;

— Акча адалдоо;

— Лицензиясыз криптологиялык кызматтарды көрсөтүү;

— Криптологиялык жабдууларды алдын ала декларациядан өткөрбөстөн жеткирүү;

— Мындай жабдууларды импорттоо.

Эгер Дуровго бул айыптоолордун баары тагылса, анда ал ондогон жылдарга соттолушу мүмкүн.

Франциянын Ofmin агенттигинин башкы катчысы Жан-Мишель Берниго Дуровдун кармалышы мессенжердеги контенттин, өзгөчө балдар порнографиясынын начар модерациясына байланыштуу экенин билдирди. Telegram’дын негиздөөчүсү балдарга каршы жасалган кылмыштардын алдын алуу менен алектенген дал ушул агенттик берген ордердин негизинде камакка алынган.

24-августтун кечинде француз телеканалдары TF1 LCI жана BFM TV Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Азербайжандан бизнес-жет менен учуп келген учурда кармалганын кабарлаган. TF1 укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Дуров мессенжердин негиздөөчүсү катары маңзат аткезчилигине, балдарга каршы кылмыштарга жана алдамчылыкка салым кошууга шек саналып жаткан болушу ыктымалдыгын жазган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты