Парламенттин тармактык комитети Медер Машиевдин талапкерлигин колдоду

  • 2 недели мурун

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук иштер маселелери жана Регламент боюнча комитети Медер Машиевди жаратылыш ресуртстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине дайындоого макулдук берди.

Жыйында талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Комитет Президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Садыр Жапаров Азис Сапаралиевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруудан бошотуп, анын ордуна Медер Машиевди дайындаган.

Маалыматка ылайык, президент жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрин алмаштыруу боюнча жарлыктарга 2-сентябрда кол койду.

Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп 2024-жылдын 2-июлунда дайындалган эле.

Сүрөттө: Медер Машиев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты