Парламент «Элдик Курултай жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун четке какты

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында  “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Жогорку Кеңеш «Элдик Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун четке какты

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Элдик Курултай.

Конституциялык мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев берди. 

Анын айтымында «Элдик Курултай жөнүндө мыйзам долбоору Конституциянын 7-беренесинин 1-2-бөлүгүндө Элдик Курултайдын уюштурулушун жана ишин аныктоо; элдик курултайдын делегаттарынын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү; айрым беренелердеги карама-каршылыктарды жоюу; укуктук ченемдерди, стилистикалык жана грамматикалык эрежелерди сактоо менен тексттердин туура жазылышын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун четке какты.    

Бишкек шаарында 20-декабрда үчүнчү Элдик курултай өтөт.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган.

Эми ал мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору сунушталып, ал четке кагылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты