Парламент ата-энелер күнүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

  • 2 месяца мурун

Мындан ары жыл сайын 15-мартта аталар жана энелер күнү майрамдалат.

“Кыргыз Республикасында аталар жана энелер күнүн белгилөө жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте бүгүн, 26-июнда, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

“Мыйзам долбоору коомдун өнүгүшүндө ата менен эненин ролун жана кошкон салымын тааныйт. Ошондой эле, үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталгандыгын белгилейт” деп айтылат мыйзам долбоордун аныктамасында.

2012-жылдан баштап ар жылы май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары белгиленүүдө

Сүрөт: Жогорку Кеңеште. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты