Парижде Олимпиада оюндары ачылат

Бүгүн, 26-июлда, Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылат.

Ачылуу аземинде мелдештерге катышуу үчүн барган спортчулар Сена дарыясында кайык менен сүзүп өтүшөт. Алардын арасында беларус жана орус спортчулары болбойт. Олимпиадага нейтралдуу желек менен катыша турган спортчулар көрүүчүлөр отурган аймакта калтырылат.

Ачылуу аземине 300 миңге жакын көрүүчү күбө болот деп күтүлүүдө. Алар үчүн Сена дарыясынын жогорку жээгин бойлой акысыз орундуктар даярдалган. Суунун төмөнкү бөлүгүндөгү жана Эйфель мунарасынын жанындагы Трокадеро аянтындагы орундар үчүн билет сатып алуу керек болот. Анын баасы 15 евродон баштып, 2,7 еврого чейин жетет.

Акыркы 40 жылдан бери алгачкы жолу Олимпиада оюндары Орусияда көрсөтүлбөйт. Өлкөнүн башкы телеканалдары мелдештерди көрсөтүү укугун сатып алуудан баш тартышты. Орусиянын спортчулары мелдештерден четтетилгенин эске алганда, өлкөдө бул жолку Олимпиада оюндарынын рейтинги төмөн болушу мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты