Париж Олимпиадасынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу эл аралык бокс федерациясынан 25 миң доллар сый акы алат

  • 1 месяц мурун

Париж Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында бокс боюнча экинчи орунду камсыз кылып, күмүш байгелүү болгондугу үчүн эл аралык бокс федерациясынан 25 миң доллар сый акы алат. Дагы 25 миң долларды машыктыруучусу менен Кыргызстандын бокс федерациясы бөлүп алат.

Эл аралык бокс федерациясы -IBA Париж Олимпиадасынын алтын, күмүш жана коло байге ээлерине ири суммадагы акчалай сыйлыктарды ыйгарат.

Бокс боюнча алтын медаль ээлерине 100 миң доллар, анын 50 миң долларын спортчу алат, 25 миң долларын машыктыруучу жана бокс боюнча улуттук федерация 25 миң доллар алат.

Бокс боюнча күмүш байгеге 50 миң доллар сый акы каралган, анын 25 миң доллары спортчуга жана 25 миң долларды маышыктыруучу менен улуттук бокс федерациясы бөлүп алат.

Ал эми коло байге алгандарга 25 миң доллар каралган, анын 12500 долларын спортчу алат, 12500 долларын машыктыруучу менен бокс боюнча улуттук федерация алат.

Байге допингге каршы процедуралардан ийгиликтүү өткөндөн кийин берилет.

11-августта Париж Олимпиадасында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттеште күмүш медаль алды. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты