Париж Олимпиадасы-24: Кыргызстандын туусун дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгары айтылды  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 26-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 23:30дө Франциянын борбору Парижде XXXIII Жайкы Олимпиаданын ачылыш аземи өтөт.

Анда Кыргызстандын желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги билдирди.

Кыргызстандын атынан 16 спортчу барат. Алардын ону грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча балбандар, эки спортчу дзюдо боюнча, дагы эки спортчу сууда сүзүү боюнча, бир спортчу бокс боюнча жана бир спортчу жеңил атлетика боюнча.

Олимп оюндарында 200дөн ашык мамлекеттен келген 10500 спортчу катышып, 329 комплект медаль ойнотулат.

Президент Садыр Жапаров 21-июлда, алдыда боло турган ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырган.

Бүгүн, 26-апрелде, Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылат.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты