Париж Олимпиадасы-2024: Кыргызстандык дзюдочулар менен боксчунун атаандаштары аныкталды

  • 1 месяц мурун

Кыргызстандык дзюдочулар Эрлан Шеров (90 кг), Кубанычбек Айбек уулунун (66 кг) жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун Олимпиада оюндарындагы алгачкы атаандаштары белгилүү болду.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 25-июлда Парижде чүчү кулак тартылып, анын жыйынтыгы менен Шеровдун биринчи атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва болду. Шеров таймашты 1\16 финалдан баштайт. Ал 31-июлда килемге чыгат.

Дагы бир кыргыз дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 1\16 финалдагы алгачкы кармашында украиналык Богдан Ядов менен күч сынаша турган болду. Ал беттешке 28-июлда чыгат.

Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу биринчи беттешин 1\8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы Куба өлкөсүнүн мушкери Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван болот. Мунарбек беттешин 28-июль күнү өткөрөт.

Мындан сырткары, Парижде өтө турган Олимп оюндарында Денис Петрашов биринчи болуп 27-июль күнү 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Олимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Сүрөттө: Дзюдочулар Эрлан Шеров жана Кубанычбек Айбек уулу. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты