Паралимпиада оюндарында Кыргызстандан 4 спортчу катышат

  • 4 недели мурун

XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.  

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Паралимпиада курама командасын XVII жайкы Паралимпиада оюндарына узатып жатып, оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктады.

“Сиздердин Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин кайратыңыздар жана жеңишке болгон эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат. Сиздерге ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайм”деди Байсалов.

МинКаб төрагасынын орун басары мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.

Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) бар.

Паралимпиада оюндары Париж шаарында 29-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты