Паралимпиада күндөлүгү: Кыргызстандан төрт спортчу катышат

  • 1 месяц мурун

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жайкы Паралимпиада оюндары Франциянын борбору Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Ага Кыргызстандан быйыл 4 спортчу катышат. Паралимпиадага катыша турган кыргызстандык спортчулар:

Пара-дзюдо — Маматибраим Суранов (73 кг);

Пара-пауэрлифтинг — Миргүл Болоталиева (86 кг);

Пара-триатлон — Айтунук Жоомарт кызы, коштоочусу — Ангелина Блиндул;

Пара-жеңил атлетика — Гүлназ Жүзбаева, коштоочусу — Фернас Юлия.

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарында жалпы 22 спорттун түрүнөн 549 медаль топтому ойнотулары айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты