Пара опузалоо боюнча Тоң райондук соттун төрагасы кармалды

  • 6 дней мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) 2024-жылдын 27-сентябрында 3000 АКШ доллары өлчөмүндө пара опузалоо фактысы боюнча Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматта айтылгандай, судья аталган каражатты ортомчу аркылуу алып жатканда кармалып, тинтүү учурунда Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н.дан 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты, калган 500 АКШ доллары ортомчудан алынган.

28-сентябрда Соттор кеңешинин чечиминин негизинде судья А.Г.Н.га карата айыпталуучу катары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты