Пара алууга шектелип прокурордун орун басары кармалды

  • 3 недели мурун

Оштун Ноокат районунун прокурорунун орун басары ишкерден кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн 4 миң доллар пара талап кылгандыгы аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Ноокат районунун прокуратурасы ишкерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинде (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) каралган кылмыш боюнча иш козгоп, аны Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп бергени аныкталган. Ал эми ишкер мамлекетке келтирилген 121 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурууга даяр болгону белгилүү болгон.

«Белгилей кетчү нерсе, менчик ээсине же башка тарапка келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда, тийиштүү тарап Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш»,-деп айтылат маалыматта.

Бирок прокурордун орун басары Э.С.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тергөөчүлөргө кысым көрсөтүп, мыйзамдуу чечимдерди чыгарууга тоскоолдук кылган, ошондой эле ишкерди соттуулугу менен коркутуп, бардык лицензиялык жана уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу менен андан 4000 доллар акча опузалап талап кылганы айтылды.

Мындан улам, 23-августта атайы органдар тарабынан акча каражаттарын өткөрүп берүү фактысы катталып, Э.С.К.нын жеке унаасын жана иш кабинетин тинтүү учурунда 3500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.

«Аталган жаран кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди»,-деп кошумчаланды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты