Пакистанда ысыктан улам 6 күндө 500дөн ашык киши каза тапты

  • 2 месяца мурун

Пакистанда катуу ысыктан улам жүздөгөн адамдар каза таап, көптөгөн адамдар кусуп, ичи өтүп же температурасы жогору болуп ооруканаларга кайрылууда.

Бул тууралуу BBC жазып чыкты. Маалыматтар боюнча, айрыкча Пакистандын Карачи шаарында катуу ысыктан жабыр тарткандар көп болууда. Карачидеги өлүкканага күнүнө 30-40 сөөк келип түшүүдө. Соңку алты күндө эле каза болгондордун саны 568ге жеткен.

Шаарда абанын температурасы 40°С даражадан ашып, жогорку нымдуулуктан улам ысык 49-50°С  сезилип жатат.

Кабарда Пакистандын бийлиги ысыктан жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн атайын борборлорду ачып жатканы айтылган. Бирок, кээ бир жардамга муктаж жарандар өз убагында жардам ала албай, ооруканага жетпей каза болууда.

Сүрөт: EPA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты