Пакистанда темир жол бекетиндеги жардырууда кеминде 25 киши каза тапты

Пакистанда темир жол бекетиндеги жардыруунун кесепетинен кеминде 25 киши каза тапты, 40тан ашык киши жаракат алды.  

Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.  

Маалыматка караганда, Белужистан провинциясынын административдик борборунун Кветта шаарында темир жол бекетинде бомба жарылган. Бул окуя теракт катары сыпатталууда.

Өлкөнүн премьер-министри Шехбаз Шариф бул жардырууну уюштургандар оор жаза аларын билдирди.

Сүрөт: Fayaz Aziz / Reuters

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты