Оштогу сел: Бөрүбай ата жана борбордук базарда, эс алуучу жайда куткаруу иштери жүрүүдө (Видео)

Ош шаарында баштапкы маалымат боюнча, бүгүн, 14-июлда, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Буга кошумча жалпы 46 куткаруучу тартылды.

Мындан сырткары Ноокат районунда саат 13:30дар чамасында Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылы Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 57-чакырымында сел жүрүп, унаа жол убактылуу жабылган. Жолду ачууга техника тартылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты