Ошто жанаша жайгашкан беш үйдү өрт каптаган  

  • 3 месяца мурун

Ош шаарында беш үйдү каптаган өрт кечээ, 7-июль күнү, саат 15:08де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок экендиги айтылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМ маалыматы боюнча, 7-июль күнү Ош шаарынын Закиров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен 700 чарчы метр  турак үй толугу менен күйүп, жанаша жайгашкан биринчи турак үйдүн 250 чарчы метр аянты, үчүнчү турак үйдүн 98 чарчы метр аянты, төртүнчү турак үйдүн 240 чарчы метр аянты, бешинчи турак үйдүн 20 чарчы метр  чатыры күйгөн. Жалпы 1308 чарчы метр аянт өрттөнгөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 7-июлда 11:16дан тартып жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 12:17де чектөөгө алынып, 15:08де толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты