Ошто турак үйдөн түндө чыккан өрт өчүрүлдү  

Ошто турак үйдөн чыккан өрт бүгүн, 2-октябрда, саат 14:55те толук өчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрттүн жалыны коңшу 3 үйдүн чатырына өткөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында аталган турак жайлар сакталып калды.

Өрттү өчүрүүгө жалпы өрт өчүрүүчү 5 машина, 32 адам тартылды.

Өрттүн аянты болжол менен 496 чарчы метрди түздү.

2-октябрга караган түнү  Ош шаарынын Курбанов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн. Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө саат 03:13да Ош шаарынан бир бөлүм, кошумча саат 03:42де 4, жалпы өрт өчүрүүчү 5 машина тартылган. Өрт саат 04:05те чектөөгө алынган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты