Ошто селден тазалоо иштерине 230 куткаруучу тартылды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 16-июлда, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бул күнү 230 куткаруучу тартылып, Кара-Суу районунун Датка, Манас, Мады, Беш-Булак айыл өкмөттөрүндө 5 бөлүккө бөлүнүп, сел каптаган турак жайларды тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Куткаруучулар кол каражаттары жана 21 даана мотопомпанын жардамында сел сууларды тазалап, калдыктарын коопсуз жайга чыгарышууда.

Жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтары жана ыктыярдуу элдик кошуун тартылып, жергиликтүү тургундарга өз жардамдарын көрсөтүү жагын колго алынууда. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Кара-Суу районундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн министрликтин тиешелүү оор инженердик техникаларын жана куткаруучуларды таратуу менен калыбына келтирүү жумуштарын жеринде көзөмөлгө алууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты