Ошто Ооганстандан чыгарылган газдалган анар суусундугу  сатыктан алынууда  

  • 3 месяца мурун

Ош шаарында  оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан шаардагы соода түйүндөрүнөн “Золотая жизнь” аталышындагы газдалган анар суусундугу сатыктан алынууда.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.  

Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, аталган иш-аракеттер оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

Анткени лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Афганистандан чыгарылган аталган суусундук балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген “азорубин Е 122” боёгун камтыйт деп табылган.

Ошондой эле соода түйүндөрүнүн ээлерине жогорудагы продукцияны сатууга тыюу салуу тууралуу тиешелүү көрсөтмөлөр берилүүдө.

Сүрөт: Ош шаар мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты