Ошто мончодон чыккан өрт өчүрүлдү

  • 6 дней мурун

Ош шарынын Төрөбек көчөсүндө жайгашкан мончодон чыккан өрт саат 09:29да  өчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрттүн аянты болжол менен 430м2 жана мончонун жанында жайгашкан кафенин 7м2, жалпы 437 чарчы метрди өрт чалган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты