Ошто курулуштун 13-кабатында иштеп жаткан бала кулап кетип каза тапты

  • 1 неделя мурун

5-октябрда Ош шаарынын Шамшиев көчөсүндөгү курулуш компаниясынын көп кабаттуу үйүнүн курулушунун 13-кабатында иштеп жатып кулап кетип, каза тапкан.

Kaktus media басылмасы билдиргендей, 4-октябрда Шамшиев көчөсүндөгү ARTWIN  компаниясы жүргүзүп жаткан көп кабаттуу үйдөн курулушунда иштөөгө Өзгөн районунан үч бала келген, алар 18 жашта экенин айтышкан. Аларды курулуш таштандыларын жана ал жерди жыйноо жумуштарына алышкан.

Ал эми 5-октябрда, алардын бири — 17 жаштагы бала 13-кабаттан кулап кетип, жан берген.   

Маалыматтарга караганда, каза тапкан бала Ош мамлекеттик университетинин колледжинин “Финансы жана кредит” факультетинде окучу.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул иш боюнча иликтөө башталганын, тиешелүү эскпертиза дайындалганын жана жооптуу адамдарга юридикалык баа берилерин билдирди.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты