Ошто эксперттик комиссия кызматкерлери майыптыгы бар адамдардан акча опузалоого шектелүүдө    

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигине караштуу Ош шаарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын чогултуу фактыларын аныктады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери бейтаптарга тоскоолдук жаратып, эксперттик комиссиядан өтүү этабында, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу жөнүндө маалым каттарды жазып берүүдө, майыптыгын аныктоо даражасына жараша 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин акча каражатын опузалап алышкан.

Акчалай сыйлык берүүдөн баш тарткан учурда майыптуулукту жана топторду аныктоо процесси жасалма түрдө создуктурулуп, натыйжада бейтаптар бир нече ай бою эксперттик корутунду ала албай келишкен.

Чогултулган материалдардын негизинде, 2024-жылдын 8-майында УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.

9-июлда МСЭКтин Ош шаарындагы кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, аталган коррупциялык схемага тиешеси бар адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча дагы башка ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 2023-жылдын декабрь айында УКМК тарабынан Ош облусунун Араван райондук медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги медициналык-социалдык экспертизанын түзүмүн реформалоо зарылдыгы тууралуу маселени көтөргөн.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты