Ошто базардын көчүрүлүшүнө каршы болгондордун бир нечеси кармалды    

  • 2 месяца мурун

Ошто базардын көчүрүлүшүнө нааразы болуп мэриянын имаратынын жанына топтолгон соодагерлердин бир нече кишини милиция кармап кеткени маалымдалды.

Милиция төрт адам кармалганын ырастады.

Бүгүн, 22-июлда, Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов баштаган жетекчилер базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер менен жолуккан.

Ош шаарында жаңы салына турган муниципалдык базар Осмонов көчөсүндөгү «Мегаполис» соода борборунун маңдайындагы жерге курулат. Мэриянын кабарлашынча, базар эки ай аралыгында бүтөт. Ага чейин азыркы базар иштеп турат.

Мэр көпүрөлөрдүн баары алынарын, соодагерлер жаңы базарга 1-2 айдын ичинде көчүшү керек экенин түшүндүрдү. Соодагерлер жаңы базар салына турган жер ыңгайсыз экенин айтып, каршы болушкан.

Буга чейин Ош мэриясы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлө турганын билдирген.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Ошол тушта Ош шаарынын соту 2024-жылдын 27-июнунан декабрь айына чейин тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты