Ошто алдамчылыкка, криптовалюта уурдоого шектелген жашыруун терминал аныкталды

13-июнда 2000-жылы туулган У.А.нын үйүндө мыйзамсыз терминал жайгашкан жашыруун жай аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган жерден 19 «SIM «-бокс, 8 персоналдык компьютер, 2 ноутбук, ошондой эле КР мобилдик операторлорунун 2000ден ашык сим-карталары табылды. Алар интернет алдамчылыгына, социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды жана басылмаларды жайылтууга, криптовалюта уурдоого колдонулган.

Аны менен катар, мобилдик мессенжерлердеги, банктык эсептердеги жана электрондук капчыктардагы фейк аккаунттар мыйзамсыз катталган.
Терминал көп сандагы сим-карталарды кошуу жана сактоо жана бир жолку смс активдештирүү коддорун алуу мүмкүнчүлүгү менен бирдиктүү шлюзга интеграцияланган техникалык каражаттардын комплексин билдирет.
Бул кызмат “smshub.org” веб-сайтында жеткиликтүү болуп, эсептерди же электрондук капчыктарды активдештирүү үчүн дүйнөнүн каалаган өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынан телефон номерлери бар SIM-картаны сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Белгилей кетсек, Ош шаарында аныкталган терминал,
«smshub.org» мыйзамсыз сайтынын дилердик пункттарынын бири болгон.
Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, республиканын аймагында бул кызматтардан пайдаланган адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты