Ошто 15 жаштагы кыздын иши боюнча эки аял кармалганы кабарланды

  • 3 недели мурун

Ошто кордук көргөн 15 жаштагы кыздын ишине байланыштуу дагы эки аял кармалды. Бул туралуу зомбулукка кабылган өспүрүм кыздын адвокаты Жахангир Сайфуллаев «Азаттыка» билдирди.

«Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз, мындай нерселерге жол бербешибиз керек. Кылмыш- жаза кодексинде жашы жете электерге карата зомбулук, сексуалдык аракеттер үчүн берене абдан оор. Кечээ эки кыз кармалды. Аларга кылмыш жаза кодесинин 159-беренесинин («Сойкулук кылууга тартуу») үчүнчү бөлүгү менен айып коюлган» деди адвокат.

27-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берип, кызды уруп-сабоого катышы бар деген шек менен 21 жаштагы кыз жана жашы жете элек менен интимдик катнаш жасоого барган деген шек менен 27 жаштагы жаран тергөө кызматына жеткирилгенин кабарланган.

Азырынча кармалгандардын жакындары же адвокаттары комментарий бере элек.

Өспүрүм кыздын сексуалдык зомбулукка кабылганы боюнча окуя акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, кыздын укугун коргоого жана тез арада чара көрүүгө чакыргандан кийин коомчулукка ачыкталган.

Башкы прокуратуранын 2023-жылдагы расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты