Ошко Өзбекстандан гумжардам келди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 16-июлд,а Ош шаары жана Ош облусуна селден жабыркагандар үчүн Өзбекстандын Анжиян облусунан гуманитардык жардам келди.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Гумантирдык жардамды Анжиян облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов алып келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.

Селден жабыркаган жарандарга келген гуманитардык жардам 13 жүк ташуучу унаа менен жеткирилди.

Жалпы 200 тонналык гуманитардык жардам курулуш материалдар, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөрдөн турат.

Шухратбек Абдурахманов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, суудан жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты