Ош шаарынын жылытуу мезгилине карата даярдыгы каралды
- 3 часа мурун
Ош облусунун экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине карата даярдыгы боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өттү.
Мамлекеттик мекемелердин облустагы өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, көмүр казуучу компаниялардын жетекчилери катышкан жыйында, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы угулуп, андан соң жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн даярдыктар жана алдыдагы пландар талкууланды.
Өзгөчө калкты жана мамлекеттик мекемелерди, социалдык объекттерди жетиштүү көмүр жана үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылуу маселелери каралды.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Ош шаардык Жылуулук электр борборнун ишмердүүлүгү менен таанышты, анда жабдыктардын абалы жана көмүр корунун жетиштүүлүгү текшерилди.
Жыйындын жана текшерүүнүн жыйынтыгында тармактык мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.