Ош шаарынын Озгур айылында куткаруу ишине тартылган «КамАЗ» жылып кетип, бир киши каза тапты  

  • 2 месяца мурун

Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван — Ак-Буура каналына 7 автоунааны сел агызып кеткен. Төлөйкөн айыл аймагындагы жайкы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болууда. Озгур айылында селден жарандарды өткөрүш үчүн «КамАЗга» элди жүктөп жатып, камаз жылып кетип, бир кишини тебелеп кеткен. Натыйжада ал киши каза болгон.

Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызмат билдирди.  

Жалпы 134 үйгө сел кирген, 17 үйдүн дубалы бузулган. Болжол менен 15 машина селден жабыркаган.

Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов саат 18:00дө жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен ыкчам жыйын өткөрүп, селдин кесепеттерин жөнгө салуу боюнча тапшырмалар берилди.

Бүгүн, 14-июлда, Ош шаарынын аймагында катуу жааган жаандан сел жүргөн.  

Ош шаарынын аймагына Өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.

Сүрөт: ОШ мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты