Ош шаарында өспүрүм кыз сексуалдык зомбулукка кабылган

  • 3 недели мурун

Ош шаарында 15 жашар кыз сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирип, өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева КРнын укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрсөтүүгө чакырды.

«Акыйкатчыга, бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген 15 жашар кыздын өкүлү кайрылган» деп айтылат маалыматта.

Кыздын жактоочусу Жахангир Сайфуллаевдин айтымында, өспүрүмдү ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп коебуз деп коркутуп, кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, Интернетке таркатып жиберишкен.

Ошону менен катары эле, алар жаш кызды бир ай бою интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү жаш кыздын кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан.

Акыйкатчы тез аранын ичинде укук коргоо органдарынан адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү талап кылат.

“Жашы жете элек жаш балдарды сатуу менен алектенгендерге карата мыйзам чегинде баардык чаралар колдонулушу керек. Мындай ачыктан-ачык кылмышка тиешеси барлардын баары табылып, өз жазаларын алышы керек”, — деди акыйкатчы Жаманбаева.

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.

Кыз өз өмүрү коркунучта экенин айтып, аны сабап, коркуткандардын баары азыр да эркиндикте жүргөндүктөн, акыйкатчыга жардам сурап кайрылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты