Ош шаарында лицей директору пара менен кармалды

  • 2 недели мурун

29-августта Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы лицейдин директору окуу жайга студентти кабыл алуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, пара алып жаткан жеринен кармалган У.Ж.И. аттуу лицей директоруна карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарга далилдерди чогултуу иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты