Ош шаардык соту Тилек Матраимов боюнча райсот чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салды

  • 1 месяц мурун

Ош шаардык соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимов боюнча райондук соттун чечимин өзгөртүп, 300 миң сом айып салды.  

Кара-Суу райондук соту мурдагы аким Тилек Матраимов кызмат абалынан пайдаланды деп таап, бир миллион сом айып салып, жакынкы үч жылда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөө укугунан ажыраткан. Бул чечим июнь айында эле белгилүү болгон.    

Айыпталуучу жана жактоочу райондук соттун чечимине каршы Ош облустук сотуна апелляция берген.     

Ош облустук соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, Тилек Матраимовду кызмат абалынан пайдаланганы боюнча күнөөлүү деп таап, ага 300 миң сом айып салган.

27-мартта Ош шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан Матраимов менен Исламбек Матраимовду эки айга камакка алган. Кийинчерээк Райымбек Матраимовдон башкалары үй камагына чыгышкан.

Тилек Матраимовго кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган. Руслан жана Ислам Матраимовдор кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча шектелүүдө.

2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен бирге Азербайжан аймагында КР мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, Кыргыз Республикасына алып келген. Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинген.

УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата  169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Райымбек Матраимов учурда тергөө абагында жатат.

2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Сүрөт: Кара-Суу акимчилигинин басма сөз кызматы

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты