Ош шаардык кеңешине беш партия өттү  

  • 4 часа мурун

Ош шаары боюнча аралыктан добуш берүүгө 215 шайлоочу катталса, 109 шайлоочу (50%) добуш берди. Ош шаардык кеңешине беш партия өттү.  

17-ноябрда саат 20:00гө карата шайлоо участкаларынын 96 пайызынан маалымат келип түшкөнүн БШК билдирди.

«Жаңы Кыргызстан» партиясы 23 783 шайлоочу же 43,36%;

“Ынтымак” партиясы 10 982 шайлоочу же 20,02%;

«Мурас» партиясы 8309 шайлоочу же 15,15%;

“Бир Бол” партиясы 5350 шайлоочу же 9,75%;

“Милдет”партиясы 5,704 шайлоочу же 10,4%;

«Баарына каршы» позициясы 728 же 1,33%.

Бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өттү.

Бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83%ы добуш берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты