Ош-Раззаков автожолунда селден көпүрө кулап түштү  

  • 2 месяца мурун

Селден кийин тазалоо иштеринин учурунда бүгүн, 30-июнь күнү саат 20:30дар чамасында Ош-Раззаков жолунун 65-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады.

Кулаган көпүрөдөн жабыркаган адамдар, техникалар жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги билдирди.

ӨКМ Ош-Баткен жолу убактылуу жабылгандыктан, жүргүнчүлөргө убактылуу жолго чыкпай турууну эскертти.

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Апшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Апшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып кеткендиги маалымдалган.

Селдин кесепетинен жалпысынан каза болгондордун саны 9 кишиге жетти.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты