Ош облусунун Алай районунда жер титирөө катталды
- 1 месяц мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 8-августта, саат 13:12де өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Нура айылында 2 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү