Ош мэриясы Мунарбек Сейитбек уулун үч бөлмө батир менен сыйлады

  • 1 месяц мурун

Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынын мэриясынын атынан үч бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 1 млн сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2 бөлмөлүү батир жана 500 000 сом, дагы бир машыктыруучусу Турдалы Оморовго 500 000 сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Бул тууралуу Ош шаарында спортчуларды сыйлоо иш-чарасында белгилүү болду.

Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча коло медаль алгандыгы үчүн Акжол Махмудовго 1 млн жана анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 200 000 сом, дзюдочу Кубанычбек Айбек уулуна 250 000 сом жана анын машыктыруучусу Бакыт Жусуповго жүз миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар күмүш медалынын ээси боксчу Мунарбек Сейитбек уулу, коло медаль тагынган күрөшчү Акжол Махмудов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучулары 15-августта Ошко келишти.

Спортчуларды сыйлоо иш-чарасына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев, шаар тургундары, спортчулар жана алардын күйөрмандары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Олимпиада оюндарынын катышуучуларын Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов куттуктап, акчалай жана жана баалуу белектер менен сыйлады.

Париж шаарындагы XXXIII жайкы Олимп оюндарында Кыргызстандан 16 спортчу катышып, жалпы 6 медаль жеңди. Күмүш медалдын ээлери: Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер арасындагы күрөш); Мунарбек Сейитбек уулу (бокс); Коло байгенин ээлери: Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү); Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү); Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү); Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасындагы күрөш).

Париж Олимпиадасына 206 мамлекеттен келген 10 миңден ашык спортчу 34 спорттун түрүнөн күч сынашты. Кыргызстандык спортчулар жалпы командалык эсеп боюнча 68-орунду ээледи.

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты