Ош ИИБ: Кара-Сууда 12 жашар бала 6 жаштагы инисин кокусунан атып алган

  • 2 дня мурун

19-октябрда Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Датка айыл аймагында талаада 2018-жылы туулган П. С. аттуу бала денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аны агасы, 2012-жылы туулган М. кокусунан тир мылтык менен ичине атып алгандыгы маалым болгон. Дарыгердин айтуусу боюнча баланын ички органдары жабыркаган эмес.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Ош облустук ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты