Ош-Гүлчө-Эркештам жолу ачылды

  • 2 месяца мурун

Ош-Гүлчө-Эркештам жолу ачылды.  

14-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолуп келген сел суулары Ош-Гүлчө-Эркештам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырымына чейинки авто унаа жолдоруна кум шагыл толтуруп жол каттамы убактылуу жабылган.

Токтоп турган үч жеңил, бир жүк ташуучу авто унааларын агызып кеткен. Андан сырткары, турак-жайлардын короо сарайларына жана жер төлөөлөрүнө сел суулары кирген.

Жеринде облус жетекчилиги, район акими координациялоо иштерин жүргүзүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ош шаардык мэриясы 14-июлдагы селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.

Ош шаарында бүгүн, 14-июлда, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө. 420 адам эвакуацияланды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты