Орусиянын Сысерт шаарында этно-маданий боз үй шаарчасы ачылды

  • 6 дней мурун

5-октябрда Орусиянын Свердлов облусунун Сысерт шаарында этно-маданий боз үй шаарчасы ачылды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоор туризм тармагындагы кыргыз-орус аймактар аралык жана муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында «Ак боз ат» клубу жана кыргызстандык «Инфо Сервис Компани» туристтик компания тарабынан жүзөгө ашырылды.

Иш-чарага Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, Уралдын борборунда аккредиттелген дипломатиялык корпус, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун тейлөөчү аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн кыргыз диаспора уюмдарынын лидерлери жана эмгектенип жатышкан мекендештер катышты.

Башкы консул М.Тентимишов өз куттуктоо сөзүндө “Россияда боз үй шаарчасынын аналогу жок. Бул туристтик долбоор Урал федералдык округунда гана эмес, бүтүндөй Россияда биринчи жолу ишке ашырылып жатат” деп белгиледи.

Салтанаттуу бөлүктөн кийин коноктор жана катышуучулар фото көргөзмөгө жана боз үй шаарчасына экскурсияга чакырылып, улуттук тамак-аштар менен суусундуктардан даам татышты. Бул учурда кыргыз жана орус чыгармачыл топтору тарабынан сахнада элдик ырлар жана күүлөр, ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндүлөр жаңырды.

 Боз үй шаарчасында 10 турак-жай боз үй тигилип, алар туристтер үчүн жыл бою ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттар менен жабдылган: уктоочу жай, жуунучу бөлмө, телевизор, жылытуу жана кондиционер.

Орусиянын Сысерт шаарында этно-маданий боз үй шаарчасы ачылды
Орусиянын Сысерт шаарында этно-маданий боз үй шаарчасы ачылды

Сүрөттөр: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты