Орусиянын Бугра шаарында кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бирөө каза тапты  

  • 1 месяц мурун

Орусияда Ленинград облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

“2-августта  саат 21:00дө Орусиянын Бугра шаарында жол кырсыгы катталып, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан, белгиленген жерден жолду өтүп бара жаткан Кыргыз Республикасынын эки жаранын «Субару Форестер» автомашинасы сүзүп кеткен. Аталган жол кырсыгы боюнча Всеволожный райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду. Кырсыктын кесепетинен С.А. аттуу КР жараны каза болуп, экинчи жабыркаган З.Б. райондук ооруканалардын биринде, анын абалы туруктуу деп бааланууда” деп айтылат маалыматта.


КРнын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары менен байланышта болуп, аларга керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканы белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты