Орусиядан мыйзамсыз келе жаткан балыктар артка кайтарылды
- 2 месяца мурун
Орусиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 22 тонна тоңдурулган балык кайра артка кайтарылган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 31-августта билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз келе жаткан 22 тонна минтай балыгын аталган министрликтин «Чалдыбар» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору аныктаган. Текшерүү учурунда жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келбегендиги белгилүү болгон.
Жүк «Чалдыбар» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Орусияга кайра кайтарылганы айтылды.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү