Орусиядан мыйзамсыз 700 тонна буудай ташылып келген

  • 4 недели мурун

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан “Беловодск” темир жол станциясына “Орион Экстра” компаниясы тарабынан Орусиядан 10 вагон буудай Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталды.

Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, фитосанитардык текшерүү учурунда жүктү коштоочу документтерде фитосанитардык сертификаттын түп нускасы жана лабораториядан буудайга берилүүчү сыноо протоколу жок болуп чыккан.


Натыйжада департамент тарабынан аныкталган фитосанитардык бузуулар боюнча өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты