Орусияда жарандык алган чет өлкөлүктөр үчүн армияда кызмат өтөө мөөнөтү узартылышы мүмкүн

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус жарандыгын алган чет өлкөлүктөр үчүн армияда кызмат өтөө мөөнөтүн эки жылга чейин көбөйтүүнү жана алардын аскерге чакыруу курагын жогорулатууну пландап жатат.

Бул тууралуу Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын Телеграм-каналы кабарлады.

Мамдума тиешелүү өзгөртүүлөрдү 5-августка чейин карайт деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин бир катар комитеттердин башчыларына мигранттарды аскердик каттоого алууга байланышкан жаңы долбоорду даярдоону тапшырганы кабарланды.

Ага ылайык, орус жарандыгын алуудагы негизги шарттардын тизмесине аскердик каттоого туруу талабы киргизилет. Мигранттарга Орусиянын паспорту берилип жатканда дароо аскердик каттоого алынышы керек болот.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты