Орусияда YouTube платформасы дээрлик ачылбай калды

  • 3 месяца мурун

YouTube видеохостинги менен тиркемеси 8-августта Орусиянын дээрлик бардык аймагында ачылбай калды. Бул тууралуу миңдеген интернет колдонуучулар жазышты.

Downdetector сайты көбүнчө Москва, Санкт-Петербург жана Екатеринбург шаарларынан даттангандарды каттаган.

Эки апта мурда Мамдуманын депутаты Александр Хинштейн жакын арада YouTube платформасындагы видео көрүүнүн ылдамдыгы 70% төмөндөй турганын эскерткен. Анын айтымында, буга видеохостингдин «орус мыйзамдарына баш ийбей жатышы» түрткү болду.

31-июлда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) YouTube «нейтралдуу платформа эмес экенин, ал Вашингтондун саясий тапшырмасы боюнча иштей турганын» билдирген. Ошол эле маалда мекеме бул сөздөргө далил келтирген эмес.

Июлдун ортосунда Орусиянын «Ростелеком» мекемеси «Google’дун Орусиядагы серверлеринин эскиргенине байланыштуу» YouTube начар иштей башташы мүмкүн экенин эскерткен. Кийинчерээк Google корпорациясы видеохостингдин Орусиядагы ылдамдыгынын төмөндөшүнө тиешеси жок экенин билдирген.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты