Орусияда соттолгондорду согушка келишимсиз жөнөтүшкөн

  • 7 дней мурун

Орусиянын абактарында отурган кишилер Украинадагы согушка атайын келишим менен эмес, кат түрүндө макулдуктун негизинде гана жөнөтүлгөн. Бул тууралуу БиБиСи соттун чечимдерине таянуу менен билдирет.

Орусиянын президенти Владимир Путинден ырайым алгандар “коомдун алдында күнөөсүн жууш үчүн” согушка барууга макул болгон баракчага кол коюшкан. Андан кийин алар алты ай бою Украинада согушуп жаткан “Шторм Z” бөлүктөрүндө даярдыктан өтүшкөн.

Соттун чечимдеринде «бул макулдук тараптардын ар биринин укуктарын жана милдеттерин караган келишим эместиги» жана “Шторм Z” укуктук табияты жагынан ыктыярдуу түзүлүштөрдөн айырмаланары жазылган. Натыйжада соттор ырайым алган жарандарга ыктыярчылар үчүн каралган төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди берүүдөн баш тартышкан.

Би-Би-Си Орусиянын Коргоо министрлиги ички буйрук менен “Шторм Z” катышуучулары үчүн өзүнчө төлөмдөрдү белгилегенин аныктады. Документке ылайык, абактагылардын маянасы жана алган жаракаттары үчүн төлөнүүчү компенсация контракттык аскерлер алгандан бир нече эсе аз болгон. Соттолгондор согуш талаасында өлсө, төлөм бирдей болгон, бирок алар үчүн камсыздандырууда ири сумма каралган эмес.

Путин ырайым кылган кеминде 246 туткун Украинадагы согуштан кайтып келгенден кийин кайрадан киши өлтүрүп же адамдарга оор жаракат келтирген. Аларга кайрадан кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: vk.com/nov.news. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты