Орусияда мигранттарга үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу сунушталууда

  • 4 недели мурун

Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын депутаттарынан турган топ мигранттардын Орусияга үйбүлө мүчөлөрүн алып кирүүсүн чектей турган мыйзам долбоорун сунуштады.

“Мыйзам долбоору менен Орусияга эмгек келишиминин негизинде иштегени келген чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлөсүн алып кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда” деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.

Документтин авторлорунун айтымында, кеп Орусияда эмгек келишиминин же патенттин негизинде иштей турган төмөнкү квалификациядагы адистиктер жөнүндө болууда.

“Мигранттардын үй-бүлөлөрү аларды мекенинде күтүшү керек. Чет өлкөлүк жумушчулардын Орусияга келген жакындары топтошуп жашап, өз тилдеринде сүйлөп, жергиликтүү тургундарга тоготпогондой мамиле кылышат. Коммуналдык кызматтарга акы төлөбөй, өтө ири суммада карызын калтырып кеткен учурлар да көп. Бул маселелердин баарын чечүү үчүн төмөнкү квалификациядагы чет өлкөлүктөргө үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу зарыл. Келип, иштеп, кайра үйүнө кайтышы керек. Башка сөз болушу мүмкүн эмес» деп билдирген ЛДПР партиясынын лидери Леонид Слуцкий «РИА Новости» агенттигине.

Демилгечилердин айтымында, учурда мигранттардын балдары менен жумушсуз жубайлары күйөөсүнүн эмгек келишиминин же патентинин негизинде Орусияга эч тоскоолдуксуз кирип, көзөмөлсүз миграция агымын жана социалдык чыңалууну жаратууда.

Иллюстрациялык сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты